КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 50
Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55, 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 175 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн-зоок жайларынын ишинин укуктук негиздерин, оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну, негизги түшүнүктөрдү, оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана аны карап-күтүүнүн, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн контролдук жүргүзүүнүн тартибин жана оюн-зоок ишинин субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.
Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдаштырууга) байланышкан оюн-зоок ишинин субъекттеринин жосундарын алдын алуу, бетин ачуу жана бөгөт коюу жагындагы оюн-зоок ишинин субъекттеринин иши "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалануучу негизги аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй аныктамалар колдонулат:
оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинодо, букмекердик кеңселерде, тотализаторлордо кумар оюндарын уюштурууга, өткөрүүгө жана аларга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга байланышкан иш;
оюн-зоок жайы - оюн-зоок жайларын түзүүгө жана аны карап-күтүүгө. кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиянын негизинде кумар оюндары өткөрүлүүчү жана (же) мелдештин ставкалары кабыл алына турган жай (имарат); казино, тотализатор, букмекердик кеңсе;
катышуучу - оюн-зоок жай өткөргөн кумар оюндарына түздөн-түз катышкан чет мамлекеттин жараны болуп саналган жеке жак;
кумар оюну - тобокелге негизделген жана оюн-зоок жайы белгилеген эрежелер боюнча эки же бир нече катышуучулардын ортосунда түзүлгөн утуш жөнүндөгү макулдашуу, анын жыйынтыгы тараптар өздөрүнүн иш аракеттери менен таасир кылууга мүмкүнчүлүктөрү бар келип чыга турган жагдайларга жараша болот;
мелдеш - тобокелге негизделген жана утуш жөнүндө эки же бир нече катышуучунун ортосунда түзүлгөн макулдашуу, анын жыйынтыгы болоору же болбосу белгисиз жагдайга жараша болот;
казино - оюн-зоок жайы, анда оюн ойнолуучу үстөлдөрдү пайдалануу менен жарыяланган акчалай утушу менен кумар оюндары өткөрүлөт;
оюн жабдуулары - рулетка, карта үстөлдөрү, чакмак таш оюну үчүн үстөл, оюн автоматтары, анын ичинде тотализатордун жана букмекердик кеңсенин жабдуулары;
оюн ойнолуучу үстөл - оюн-зоок жайында атайын жабдылган, утуштун кандай гана түрү болбосун кумар оюндарын өткөрүү үчүн арналган жер, анда оюн-зоок жайы өзүнүн өкүлдөрү аркылуу тарап же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары (рулетка, карта ойнолуучу үстөлдөр, чакмак-таш оюну үчүн үстөл);
оюн автоматы - аталган оюндарга оюн-зоок жайынын өкүлдөрү катышпаган акчалай утушу бар, кумар оюндарын өткөрүү үчүн орнотулган жана пайдаланылуучу атайын жабдуу (механикалык, электр менен иштөөчү, электрондук же башка техникалык жабдуу, ошонун ичинде электрондук рулетка).
Мында электрондук рулетканын жана оюн автоматтарынын ар бир олтуруучу оруну (ойнолуучу) бир оюн автоматы катары кабыл алынат;
оюн автоматтары залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндары өткөрүлүүчү казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы;
оюн-зоок зонасы - оюн жабдууларын орнотуу үчүн арналган, казинодо жайгашкан оюн-зоок орун жайы бир бөлүгү;
тотализатор - анда бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мурдатан анык болбогон окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш түзүлгөн, катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жолжоболорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн оюн-зоок жайы (анын ичинде "Бинго-лото" жана "Русское лото");
букмекердик кеңсе - казинодо жайгашкан оюн-зоок зонасы же орун жайы, анда натыйжасы алдын ала белгисиз окуянын жыйынтыгына карата бардык катышуучулар менен оюн-зоок жайынын ортосунда мелдеш түзүлөт;
оюн-зоок жайынын кассасы - оюн-зоок жайындагы уюштуруучу тарабынан атайын жабдылган, накталай акча алмаштыруу кызматтары көрсөтүлүүчү жай;
утуш - кумар оюнунун уюштуруучусу тарабынан кумар оюнунда же мелдеште төлөнгөн жана алынган каражаттардын акчалай суммасынын ортосундагы оң айырма катары өз алдынча аныкталган акча түрүндөгү экономикалык пайда;
онлайн-казино - бул утуштарды алуу каралган кумар оюн жайларында же башка жайларда кумар оюндарын өткөрүүгө ылайыкташтырылган аппараттык-программалык комплекстерин же болбосо Интернет аркылуу байланыш каражаттарын (пайдалануу жайына карабастан) пайдалануу аркылуу бир оюнчу пайдалануучу жана көп оюнчу пайдалануучу режиминде реалдуу убакыт режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;
кумар оюнун уюштуруучу - кумар оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.
компьютердик симуляторлор - виртуалдык чөйрөдө реалдуу көрүнүштөрдүн жана касиеттердин бөлүгүн чагылдыруучу, иш жүзүндө болуп жаткандыгынын элесин жаратуучу программалык жана аппараттык каражаттар;
аппараттык-программалык комплекс - милдеттердин комплексин аткарууну автоматташтыруучу жана электрондук маалымат ресурстарынын жана маалымат системаларынын иштешин камсыз кылуучу техникалык жана программалык каражаттар;
электрондук (виртуалдык) казино - Интернет тармагы аркылуу кумар оюндарына кирүүгө мүмкүндүк берген сайт же программа.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Эскертүү: 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, он үчүнчү абзацта текстке дал келбейт
2-глава. Оюн-зоок иши субъекттери
2-берене. Оюн-зоок иши субъекттери
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар оюн-зоок иши субъекттери болуп саналат.
2. Оюн-зоок иши субъекттери жарнак өнөктүгүн өткөрүүдө адамдардын кеңири чөйрөсүнө тааныштыруу үчүн арналган фирмалык аталыштарында жана башка документтеринде оюн-зоок жайынын конкреттүү түрүн көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Мамлекет оюн-зоок иши субъекттеринин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Оюн-зоок иши субъекттери мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
3-берене. Бирликтер жана ассоциациялар
1. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жаппы милдеттерди чечүү максатында ыктыярдуу негизде бирликтерди же ассоциацияларды түзүүгө укуктуу.
2. Бирликтер же ассоциациялар коммерциялык эмес уюмдарды (бирликтерди жана ассоциацияларды) түзүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлөт.
3. Бирликтердин жана ассоциациялардын иши алар тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын жана алардын жоболору менен коммерциялык эмес уюмдарды (бирликтерди жана ассоциацияларды) түзүү маселелерин жөнгө салуучу уюмдаштыруу документтеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Мындай уюмдарга лицензия алуу талап кылынбайт.
4. Бирликтер же ассоциациялар оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга укуксуз.
4-берене. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга укугу бар жактар
Кыргыз Республикасынын аймагында оюн-зоок ишин Кыргыз Республикасынын резиденттери ушул Мыйзамда белгиленген ошол уюштуруу-укуктук формаларда жүзөгө ашырууга укуктуу.
5-берене. Уюштуруу-укуктук формасы
1. Оюн-зоок иши менен алектенүүгө жоопкерчилиги чектелген коомдун же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар гана укуктуу. Коом өзүнүн ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде чарбалык шериктештиктер жана коомдор, акционердик коомдор, оюн-зоок иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.
2. Оюн-зоок ишин жүзөгө ашырышкан юридикалык жактар белгиленген тартипте коомдук тамактануу (ресторан, кафе, бар ж.б.), туристтик жана мейманкана бизнесин уюштуруу менен байланышкан чарбалык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар оюн-зоок иши менен алектенүүгө укуксуз.
6-берене. Милдеттүү резервдик фонд
1. Оюн-зоок жайлары милдеттүү резервдик фондду түзүүгө тийиш, ал оюн-зоок ишине мүнөздүү мүмкүн болгон потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууну жана оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргоону камсыз кылат.
2. Милдеттүү резервдик фонддун эң аз өлчөмү төмөнкүдөй суммаларга тете болуусу тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын борборундагы казино үчүн – 100 000 эсептик көрсөткүчкө, областтык-административдик бирдиктерде жайгашкан казино үчүн 50 000 эсептик көрсөткүчкө барабар;
2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын борборундагы букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн - 20000 эсептик көрсөткүчкө, областтык административдик-аймактык бирдиктерде жайгашкан букмердик кеңселер жана тотализаторлор үчүн - 10000 эсептик көрсөткүчкө барабар.
3. Милдеттүү резервдик фонд акчалай формада гана жана оюн-зоок жайынын уюштуруучуларынын каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Милдеттүү резервдик насыя фондду түзүүдө жана негизги каражаттарды, ошондой эле материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.
4. Эң аз өлчөмдөгү милдеттүү резервдик фонд оюн-зоок жайларын ачууга жана аны карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия алуу үчүн арыз бергенге чейин түзүлүшү керек. Милдеттүү резервдик фонддун каражаттары оюн-зоок жайынын кассасында сакталат жана бул каражаттар бышыктоочу документтерин тапшыруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирилүүгө тийиш.
5. Оюн-зоок жайлары милдеттүү резервдик фонддун ушул беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген өлчөмдөн ашык өзүндө оюн-зоок фондун түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу
7-берене. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши жөнгө салууга тийиш.
2. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салуу, оюн-зоок иши жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну, лицензиялоону, оюн-зоок жайларын контролдоону жана көзөмөлдөөнү оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок ишинин жана мамлекеттин субъекттеринин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону өзүнө камтыйт.
3. Оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.
4. Оюн-зоок ишинин эсебин жүргүзүүнүн тартиби, шарттары жана отчеттуулук формалары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктуктук долбоорлорун иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
2) оюн-зоок жайларын түзүүгө жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга документтерди экспертизадан өткөрөт жана лицензияларды берет;
3) оюн-зоок иши субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду жана көзөмөлдү уюштурат;
4) Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин өнүктүрүү маселелери боюнча тышкы байланыштарды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт;
5) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте берилген лицензиялардын колдонушун токтотуп турат, калыбына келтирет, чакыртып алат жана жокко чыгарат;
6) оюн-зоок бизнесинин бардык субъекттери үчүн оюндун эрежелерине минималдуу талаптарды белгилейт.
8-берене. Оюн-зоок жайларын түзүүгө жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби
1. Кыргыз Республикасында оюн-зоок иши ишкердиктин лицензиялануучу түрү болуп эсептелет.
2. Оюн-зоок жайларын ачууга жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - лицензиар) тарабынан берилет.
3. Лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги
3. Лицензия алуу үчүн берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн лицензиат Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Лицензия берүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Лицензия берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Оюн-зоок жайларын ачууга жана карап-күтүүгө, кумар оюндарына уюштурууга лицензияларды берүү, ошондой эле лицензиялык контролдоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Лицензия лицензиаттын арызында көрсөтүлгөн оюн-зоок жайынын белгилүү бир жайгашкан жерине берилет.
7. Оюн-зоок жайларын ачууга жана карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензия ээликтен ажыратылбайт. Аны колдонуу лицензиат менен бирдикте, анын ичинде кызматташуу жөнүндө келишим боюнча ишти жүзөгө ашырган башка жактарга, ошондой эле уюштуруучуларынын бири лицензиат болгон юридикалык жактарга жайылтылбайт.
8. Оюн-зоок жайларын ачууга жана аны карап-күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензия мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, он жылдык мөөнөткө берилет.
9. Оюн-зоок жайын карап-күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугу лицензия алынган учурдан тартып пайда болот жана лицензия токтотулуп турган, чакыртып алынган, жокко чыгарылган же колдонуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып токтотулат.
10. Ишти убактылуу токтоткон учурда Оюн-зоок жайынын беш жумушчу күндүн ичинде тиешелүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана катталган жери боюнча салык органдарын бул тууралуу жазуу жүзүндө кабардар кылышы керек.
11. Юридикалык жактар, ар бир оюн-зоок жай үчүн белгиленген тартипте лицензия алынган болсо, бир нече оюн-зоок жайынын уюштуруучусу боло алат.
12. Тиешелүү лицензия албай туруп оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, лицензиялык уруксат берүү системалары кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жана укук бузуулары тууралуу колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кирептер кылат.
9-берене. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу
1. Юридикалык жак кайра уюштурулган, юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, оюн-зоок жайынын аталышы, оюн-зоок жайы жайгашкан жер өзгөртүлгөн, оюн-зоок жабдууларынын саны өзгөрүлгөн учурда лицензиат беш жумушчу күндүн ичинде кайра жол-жоболоштуруу үчүн лицензиарга зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
2. Лицензия жоголуп же лицензиянын бланкы жараксыз болуп калган учурда, лицензиат үч күндүк мөөнөттө лицензиарга кабарлоого жана он күндүн ичинде лицензиянын дубликатын алуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү. Арызда жоголгон/жараксыз болгон бланктын бардык реквизиттери жана бланктын жоголушунун/жараксыз болуп калгандыгынын себептери көрсөтүлүшү керек.
Дубликат колдо бар документтердин негизинде берилет. Берилген лицензиянын дубликатында "Дубликат" деген белги болушу керек.
3. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицензиат тарабынан тиешелүү арыз берилген жана мурдагы лицензия кайтарып берилген күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.
4. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жана дубликат берүү үчүн акы он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алынат.
10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартиби
1. Лицензиат тарабынан ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жана лицензияга уруксат берүү системасы жаатындагы ишкердик ишинин субъекттерине контроль жана көзөмөлдөө, жөнгө салуу, башка мыйзам актыларында белгиленген талаптардын сакталышын контролдоо лицензиаттын ишине текшерүү жүргүзүү, ага байланыштуу түшкөн арыздар менен даттанууларды кароо жолу менен лицензиар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун үзгүлтүксүздүгү жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиар тарабынан белгиленет.
3. Аныкталган укук бузуулардын мүнөзүнө жараша лицензиар укук бузууларды четтетүү жөнүндө буюртма чыгарууга, айып салууга, лицензиянын колдонулушун токтото турууга, же болбосо аны чакыртып алууга укугу бар.
4. Лицензиянын колдонулушун токтото турууда лицензиат тарабынан жол берилген укук бузуулар четтетилгенге чейин оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салынат дегенди билдирген учурда;
1) бир жылдын ичинде үч же андан көп жолу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бузууларга жана (же) лицензиялык талаптардын аткарылбаганына жол бергенде;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү буйругунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген лицензиялык талаптарды бузууларды лицензиат тарабынан белгиленген мөөнөттө жойбогондо;
3) лицензиат тарабынан такталбаган маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка учурларда.
5. Лицензиар лицензиянын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө токтото туруу укугуна ээ. Лицензиар чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде лицензиянын колдонулушу токтотулган мөөнөттү көрсөтүү менен бул жөнүндө лицензиатка жазуу жүзүндө билдирет.
6. Лицензияны кайра баштоо лицензиар тарабынан лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келген себептер өз убагында четтетилгендигин документ менен ырастагандан кийин жүзөгө ашырылат.
11-берене. Лицензияны чакыртып алуу жана колдонууну токтотуу тартиби
1. Лицензиат ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 2-пунктунда белгиленген талаптарды бузган учурда лицензия жокко чыгарылат.
1) ушул Мыйзамда белгиленген талаптар бузулса;
2) белгиленген мөөнөттө, анын ичинде лицензиар лицензиянын колдонулушун токтоткону боюнча тиешелүү салыктарды төлөбөгөндүгү же болбосо өз убагында төлөбөгөндүгү менен байланышкан бузуулар четтетилбесе;
3) ушул Мыйзамда жана "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар лицензиат тарабынан аткарылбаса;
4) лицензия берилген иштин түрү менен алектенүүгө лицензиатка сот тыюу салса.
5) оюн-зоок иши үч айдан ашык жүзөгө ашырылбаса.
3. Лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) лицензиаттын иши токтотулганда;
2) лицензияны колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
3) лицензия чакыртып алынганда.
4. Лицензиянын кайтарылып алынышы жана лицензияны колдонууну токтотуу оюн-зоок ишин жүзөгө ашырууга тыюу салуу дегенди билдирет.
5. Лицензияны колдонууну токтотуу чечими жөнүндө лицензиар үч жумушчу күндүн ичинде лицензиатка жазуу жүзүндө маалымдайт.
12-берене. Лицензия берүүдөн баш тартуу
1 Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кабыл алынса эгерде:
1) Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген субъекттердин категориясы үчүн иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салынган;
2) юридикалык жактын (арыз берүүчүнүн) лицензиясы мурда чакыртып алынган болсо;
3) юридикалык жактын уюштуруучусу, катышуучусу же акционери (арыз берүүчү) лицензиясы мурда чакыртып алынган юридикалык жактын уюштуруучусу, катышуучусу же акционери жак жана анын аффилирленген жактары болгон;
4) юридикалык жактын уюштуруучусу, катышуучусу же акционери (арыз берүүчү) Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган, бул адамдар менен укуктук мамилелерге тыюу салган эл аралык санкциялар колдонулган жеке жана (же) юридикалык жак болгон;
5) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн акы төлөнбөсө;
6) лицензия берүү үчүн документтердин зарыл тизмеги көрсөтүлбөсө;
7) лицензиат иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп бербесе;
8) лицензиатка карата ага иштин ушул түрү менен алектенүүсүнө тыюу салган соттун чечими бар болсо;
9) лицензиат террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабаса.
2. Лицензия берүүгө төмөнкүдөй жүйөөлөр боюнча тыюу салынат:
1) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруу үчүн арыз ээсине укук берүү максатка ылайык келбесе;
2) иштин ушул чөйрөсүндө монополиялык абалды камсыз кылууга.
3. Лицензия берүүдөн баш тартууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Оюн-зоок жайына коюлуучу атайын талаптар
13-берене. Оюн-зоок жайына коюлуучу чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайы бала бакчалардын, мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана башка окуу жайлардын имараттарында, медицина жана сыйынуу мекемелеринде, маданият мекемелеринде, турак жайларда жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
2. Казино рестораны бар мейманкана комплексинде жайгаштырылышы керек. Мында ресторанда жүздөн кем эмес орун, ал эми мейманканада талаптагыдай жабдылган жыйырмадан кем эмес номер болууга тийиш.
3. (КР 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Оюн автоматтар залы казинонун оюн-зоок зонасында жайгаштырылышы керек, андагы оюн-зоок зонасы 200 чарчы метрден кем эмес аянтты түзүшү керек.
5. Оюн-зоок жайында иштин жүзөгө ашырылуучу түрүнө жараша фирмалык аталышы көрсөтүлүү менен эстетикалык жактан жасалгаланган көрнөгү болушу керек.
6. Оюн-зоок жайынын өзүндө жана ага чектеш аймагында коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн жеке өзүнүн жана (же) башка атайын коопсуздук кызматы болушу керек.
7. Казинодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы бар акча алмаштыруучу бюросу (пункту) болушу зарыл.
8. Казино, анын ичиндеги оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасы жана букмекердик кеңсенин жана тотализатордун оюн-зоок зонасы же орун жайы төмөнкүдөй атайын жабдуулар менен жабдылууга тийиш:
1) өрт сигнализациясы;
2) кайтаруу сигнализациясы;
3) кооптуулук (кнопкасы) сигнализациясы;
4) металл детектору (кире бериште);
5) оюн-зоок залдарында жүргөн адамдарды аралыктан фиксациялоого мүмкүндүк берүүчү видеобайкоо жана фотофиксация системалары.
9. Тотализаторлор үчүн өз ара мелдештердин жыйынтыктары боюнча утуш түрүндө катышуучуларга төлөнүп берилүүчү сумма кабыл алынган ставкалардын жалпы суммасынын 50 пайызынан кем болбошу керек.
10. Оюн автоматына технологиялык түрдө салынган утуштун пайызы 75 пайыздан төмөн болбошу керек.
11. Катышуучунун талабы боюнча оюн-зоок жайынын өкүлү ага оюн-зоок жайынын кассасынан утушту - акчалай сумманы алууну ырастоочу документ берүүгө милдеттүү.
12. Оюн-зоок жайларында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кредитке (займ) ойноого (оюн автоматтарында "кредитке" ойноону кошпогондо);
2) күрөөгө коюп ойноого;
3) лотереяларды жана жарнактык акцияларды ойнотууну эл алдында жүргүзүүгө.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) оюн-зоок иши чөйрөсүндө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде каралбаган иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга;
2) акчадан башка мүлк түрүндө төлөп берүүчү кумар оюндарын уюштурууга.
14. Кумар оюндарынын жана (же) мелдештердин катышуучуларына утуштарды төлөп берүүнү оюн-зоок ишинин субъекттери кумар оюндарын жана (же) мелдештерди өткөрүүнүн эрежелеринде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө, бирок ушул кумар оюндун жана (же) мелдештин жыйынтыктары чыгарылган учурдан тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55, 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 175 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене. Оюн-зоок жабдууларына коюлуучу чектоөлөр
1. Кыргыз Республикасынын борборунда жайгашкан казинодо оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны ондон кем болбошу керек. Областтык администрациялык-аймактык бирдиктерде жайгашкан казино үчүн оюн ойноочу үстөлдөрдүн саны бештен кем болбошу керек.
Казинодо орнотулган оюн жабдуулары лицензиаттын менчигинде болууга тийиш.
2. Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында милдеттүү түрдө алтымыштан кем эмес оюн автоматы орнотулушу керек.
Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында иштебеген, иштен чыккан оюн автоматтары болбошу керек.
Оюн автоматтар залынын оюн-зоок зонасында орнотулган оюн автоматтары лицензиаттын менчигинде же ижарасында турса болот.
3. Оюн-зоок жайында оюн жабдууларынын жалпы саны өзгөрүлгөн учурда оюн-зоок бизнесинин субъекттери беш жумушчу күндүн ичинде бул тууралу салык кызматынын тиешелүү органына жана лицензиарды жазуу жүзүндө маалымдоого, ошондой эле акыркысына зарыл документтерди берүүгө милдеттүү.
6. Оюн жабдууларынын санынын өзгөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнүн өз убагында берилбегени лицензияны чакыртып алууга негиз болуп саналат.
7. Оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар сертификация процедурасынан өткөн жана белгиленген стандарттарга шайкештигин тастыктаган документи болгондо (алса) гана иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сертификаттоо жол жобосунан өткөн оюн жабдуулары, адистештирилген программалык продуктулар Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында сертификаттоо жол-жобосунан өтпөгөн жана стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ырасталбаган оюн жабдууларын, адистештирилген программалык продуктуну пайдаланууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 26-февралындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери жана кардарлары үчүн белгиленген чектөөлөр
1. Оюн-зоок жайларынын штатына 21 жаштан жаш эмес (аракетке толук жөндөмдүү) кызматкерлер алынышы зарыл.
2. Оюн-зоок жайларынын кардарлары төмөнкүлөр боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) 21 жашка толо элек чет өлкөлүк жарандар;
3) аракетке жөндөмсүз чет өлкөлүк жарандар.
3. Оюн-зоок жайларынын кардарларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) абдан мас абалында оюн-зоок жайларына кирүүгө;
2) оюн-зоок жайларынын уруксаты жок киного, сүрөткө, видеого тартууга;
3) оюн-зоок жайларынын кызматтык зонасына кирүүгө.
4. Оюн-зоок жайларынын эрежелеринде коомдук жүрүм-турум жана адеп-ахлак ченемдерине тиешелүү башка тыюу салуулар, ошондой эле оюн-зоок жайларынын кардарлары жана кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
5. Оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайлары белгилеген эрежелерди, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун бузган кандай кардар болбосун оюн-зоок жайынан тез арада чыгып кетүүнү талап кылууга укуктуу.
Оюн-зоок жайларынын эрежелери кардарлар үчүн көрүнүктүү, жеткиликтүү жерде жайгаштырылышы керек.
6. Оюн-зоок жайларынын кардарларын аныктоо үчүн оюн-зоок жайларынын кызматкерлери оюн-зоок жайларына киргизүүдө кумар оюндарынын катышуучуларынын ким экендигин ырастоочу документтерди көрсөтүүнү талап кылууга, ал эми кумар оюндарынын катышуучулары ким экендигин ырастоочу документтерин көрсөтүүгө милдеттүү.
7. Оюн-зоок жайларында кумар оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
16-берене. Салык салуу
Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
17-берене. Ушул Мыйзамдын колдонууга кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1482-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 349-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2022-жылдын 22-июнунда
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган